10.04.2020 16:58

Коронавирусту жуктуруп же андан каза тапкан дарыгерлерге канча төлөнөт? Баасы бычылды

Коронавирусту жуктуруп же андан каза тапкан дарыгерлерге канча төлөнөт? Баасы бычылды

Кызматык милдеттерин аткарууда коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге берилүүчү компенсациянын өлчөмү 200 миң сомду түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда компенсациянын көлөмү 1 миллион сомду түзөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди. 

Белгиленгендей, учурда врачтарга жана медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр берилүүдө. Тийиштүү органдарга финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөп берүүсү тапшырылды.

«Ыктыярдуу жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча атайы комиссиялар түзүлүп, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекетик орган жана жарандык коом өкүлдөрү кирген. Биз келип түшкөн каражаттардын ачык-айкын жана максаттуу бөлүштүрүлүшүн камсыздайбыз», - дейт Кубатбек Боронов.

Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 298 кишиге жетти.  Ичинен 39у дарыгерлер.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.