26.07.2018 14:51

Коррупция менен күрөш: сот "Райым-миллионду" кызматына койду

Ийгиликтүү иши менен эмес, "Раим миллион" деген каймана аты аркылуу элге таанылган Райымбек Матраимовду Биринчи май райондук соту колдоп, мурда кол жууган кызматына кайра барууга уруксат берген чечим чыгарды. Тың чыккан бир тууган Матраимовдордун бири Райымбек бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенип келген. Бул аралыкта аны ар дайым сөз ээрчип, бажыдагы былыктар Матраимов аркылуу өтөөрү айтылып келген. Эми Райымбек мырза соттун чечиминин көрсөтүүсу менен "Бажы кызматындагы азыркы орун басарды кууп чыгып, өзүнүн мурдагы ордуна отуруп алса болот" дегенди түшүндүрөт.