07.08.2018 10:59

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчалар үчүн ачылган эсеп 80 миллион сом менен толукталды

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчалар үчүн ачылган эсеп 80 миллион сом менен толукталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бирдиктүү депозит эсебине 80 миллион 14 миң 470 сом которду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат борборунан билдиришти. 

Буга чейин кызмат тарабынан коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча каражаттары салынуучу бул эсепке 63 миллион 362 миң 758 сом которулган эле. Каржы полициясы тарабынан которулган акчалардын жалпы суммасы 143 миллион 377 миң  228 сомду түздү. 

Эске сала кетсек, аталган эсепке 17-июлда Башкы прокуратура 11-июлда 39 миллион сом, 17-июлда 20 млн. 324 миң сом которгон.

Ал эми, УКМК тарабынан бул эсепке 2018-жылдын 11-июлунда 95,9 млн сом, 12-июлунда 13,3 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулган. 

Бирдиктүү депозиттик эсеп 3-июль күнү КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы токтомун ишке ашыруу максатында  Каржы министрлиги тарабынан ачылган.