08.06.2019 18:34
«Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» митингине 1000-2000 адам катышты
Бүгүн Бишкекте «Медиа Форумдун» алдында өткөн митингге 1000-2000 адам катышты. Алардын арасында Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев, КСДП мүчөлөрү, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери болду.
Иш-чара «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» урааны алдында өттү. Анда өлкөдө коррупция менен чыныгы күрөш жүрбөстөн, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн режимине жакпаган адамдардан өч алып жатканы айтылды.
Иш-чарага катышкан мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун, экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдун жактоочулары сот процесстери мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын билдиришти.
Митингдин акырында бийликке бир нече талап коюп, резолюция кабыл алышты.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: