09.08.2019 15:06

Кой-Таш: экс-президенттин үйүн жергиликтүүлөр кайтарып жатышат

Кой-Таш: экс-президенттин үйүн жергиликтүүлөр кайтарып жатышат

Кой-Таш айылында коомдук-саясий абал тынч. 7-апрель көчөсүндө топтолгон эл көрүнбөйт. Бул туурасында жеринен April.kg кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн жергиликтүү тургундар кайтарып жатышат. Бүгүн Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү келип, мурдагы өлкө башчынын үйүндөгү мүлктөрдү иликтеп, каттоого алышты.

Кой-Таш жана ага жанаша жайгашкан айылдардан аялдар келип, экс-президенттин турак үйүн иретке келтиришүүдө. Мында дубалдарга кан чачырап, атылган октордун тактары түшүп калган. Үй ичиндеги эмеректер талкаланып, айнектердин сыныктары чачырап кеткен.