Кой-Таш окуясы: Алгачкы соттук жараян бүгүн башталат
Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы сот жараяны өтөт. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.
Соттук териштирүү саат 16:00гө белгиленген. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы катышаары маалымдалды.
«Алмаз Шаршенович сотко катышып, өлкөдөгү мыйзамсыздыкка, адам укугун бузулуусуна, баш-аламандыктарга каршы чыгып, өз позициясын билдирип чыккан адамдардын жанында болом деп билдирген. Бүгүнкү соттук териштирүүдө экс-президент катышуусу күтүлүүдө», - дейт Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаеванын маалыматына караганда, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан.
Жолдубаева сотту жабык өткөрүү аракети күтүлүп жатканын кошумчалап, жараянды ачык өткөрүүнү соттон өтүнүшөрүн кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: