28.02.2020 09:00
Кой-Таш окуясы: Алмазбек Атамбаев соттук териштирүүгө катышат
Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат. Бул тууралуу КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен бирге болот.
«Ал мыйзамсыздык жана укуктук башаламандыкка каршы тургандардын жанында болот», — дейт Кундуз Жолдубаева.
2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, 14 адамга айып тагылып сотко жөнөтүлдү. Аны Биринчи май райондук соту карайт. Биринчи угуу 2-мартка белгиленди.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: