Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия катарына Клара Сооронкулова кошулду
Кой-Таш айылында 7-8-августта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча уюшулган мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы мүчө кошулду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.
Бүгүн, 13-сентябрда комиссия коомдук ишмер Равшан Жээнбеков менен ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматын угуу үчүн чогулушту.
Равшан Жээнбеков менен Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Таш айылында окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти. Алар менен катар чакырылган ЖК депутаты Асель Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жолугушууга катыша алган эмес.
Белгилей кетсек, Премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу киргизилди, алар: Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова жана коомдук ишмер Жаркынбек Касымбеков.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: