01.11.2019 13:46

Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкулов сыйланды

Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкулов сыйланды

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алып, комага түшүп калган. Учурда ал Москвадагы ооруканалардын биринде дарылануусун улантып, абалы жакшырганы айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Самат Курманкуловдун дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды төлөөгө 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүп берүү тапшырмасы берилген.