Кой-Таштагы окуя боюнча атайын комиссиянын корутундусу чыкты
7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кортундусун укук тартиби боюнча парламенттик комитет карап чыкты. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, бир дагы суроо бербей депутаттар корутунду менен сунуштарды колдоп беришти.
Комитет башчысы Наталья Никитенконун айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн баардык эскертүүлөрү эске алынды.
Корутундуну күндүн темасына киргизүү үчүн, Жогорку Кеңештин төрагасына жиберишти. Отчет 12-декабрда пленардык отурумда каралмакчы.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: