КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти. Мындай маалымат федерациянын сайтында жарыяланды. Анда Султановдун кайрылуусу берилген:
«Урматтуу мекендештер! 2019-жыл башталды. Бул жылдын футбол календары ар кандай кызыктуу окуяларга жана чоң иш чараларга толгон. Алардын эң башкысы -биздин кураманын Азия Кубогунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышып жатканы. Бул тарыхый окуяны ишке ашырууга биз көп жыл жан үрөдүк.
2012-жылы алгачкы ирет КР Футбол федерациясынын президенттигине шайлоого баратып, мен өз санаалаштарым менен бирге биздин кураманы Азия Кубогуна чыгарууну максат кылгам. Бул максатка жетүү үчүн – балдар жана өспүрүмдөр, кыз-келиндер, массалык футболду өнүктүрүү, клуб футболунун деңгээлин көтөрүү, кесипкөй адистерди даярдап чыгуу сыяктуу көп иштерди жасаш керек эле.
Төрт жылдык мөөнөттө бул иштерди аткарууга убакыт жеткен жок. Андыктан, 2016-жылы сиздердин колдооңуздар менен мен экинчи мөөнөткө шайландым. Бул убакыт аралыгында аз эмес иштер жасалды, эң башкысы биз өз кыялыбызды – Азия Кубогуна катышуу кыялын орундата алдык. Эми бүгүн минтип биздин команда Азия Кубогу үчүн таймаш талаасында ойноп жатканда абдан жоопкерчиликтүү чечим кабыл алып жатам – мен мөөнөтүмдөн мурун КР Футбол Федерациясынын Президенти кызматын тапшырууну чечтим», -деп жазылат Султановдун кайрылуусунда.
Эскерте кетсек, Семетей Султанов Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенттигине 2012-жылы 7-декабрда биринчи мөөнөткө шайланган болчу. Анын жетекчилиги астында биздин курама команда кыргыз улуттук футболдун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Атап айтканда, 206 кураманын ичинде дүйнөлүк рейтингде 196-орундан (2012-жыл, июль) 75-орунга (2018-жыл, март) көтөрүлүп, тарыхый рекорд койгон.
Учурда Кыргызстан ФИФА рейтинги боюнча Азиядагы эң мыкты командалардын ондугуна кирет. Ал эми, дүйнө боюнча 91-орунда турат.
Кошумчалап кетчү маалымат, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. 2016-жылы 4 жылга экинчи мөөнөткө шайланган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: