15.08.2018 15:05

КР Маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Александр Мурсалимов дүйнө салды

КР Маданиятынын  эмгек сиңирген ишмери Александр Мурсалимов дүйнө салды

12-августта 81 жашында көрүнүктүү спорт ишмери, Спорттун ардагери, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, илимдин кандидаты, СССРдин спорт чебери Мурсалимов Александр Борисович каза тапты. 

Александр Борисович бүтүндөй өмүрүн ат спортуна арнаган. Анын демилгеси менен 1970-1976-жылдары Бишкекте ат-спорттук база курулган. Кийин ал Республикалык олимпиадалык резервдеги ат спорту мектеби болуп өзгөрүп, Мурсалимов 30 жыл бул мектепти жетектеген. 

Анын жетекчилиги алдында мектепте көрүнүктүү спортчулар - Бүткүл союздук жана эл аралык мелдештердин, Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орун ээлери өсүп чыккан.

Көп жылдар бою КР Ат спорту федерациясынын президенти болуп эмгектенген.

April.kg порталынын жамааты Мурсалимов Александр Борисовичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.