10.07.2019 12:46

КР Стамбулдагы Башкы консулдугу Аланьяда каза тапкан кыргыз мигранты тууралуу билдирүү таратты 

КР Стамбулдагы Башкы консулдугу Аланьяда каза тапкан кыргыз мигранты тууралуу  билдирүү таратты 

Түркиянын Аланья шаарында ок жеп каза тапкан 23 жаштагы кыргыз жараны М.Иманалиев тууралуу КР Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирүү таратты. 

М.Иманалиев ушул жылдын 7-июлунда белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн. Кылмыштын изи сууй электе шектүүлөр түрк полициясы тарабынан кармалган. Кыргыз жаранынын атылып өлтүрүлүшү фактысы боюнча Аланья шаарынын прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштери жүрүүдө. Маркумга кандай жагдайда жана эмне себептен ок атылганы такталып жатат. 

«Башкы консулдук тарабынан Иманалиевдин денесин мекенине «Анталья-Стамбул-Бишкек» каттамы боюнча жөнөтүү маселеси каралып жатат. «Пегасус Азия» авиакомпаниясы «Стамбул-Бишкек» каттамы боюнча сөөктү бекер жеткирип берүүгө макул болду. Ал эми, Анталья шаарынан Стамбулга чейин сөөктү жеткирүү чыгымын маркум иштеп жаткан компания төлөп берет», -деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, Стамбул шаарындагы Башкы консулдук Анталья шаарындагы кыргыз диаспорасы менен бирге туугандарына сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүдө колдон келген жардамын көрсөтүп жатканына ишендирет.