18.10.2018 18:01

КР Стамбулдагы Башкы консулдугунун өкүлү мекенине келе албай жаткан мигранттар менен жолукту

КР Стамбулдагы Башкы консулдугунун өкүлү мекенине келе албай жаткан  мигранттар менен жолукту

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун вице-консулу Түркиядан мекенине келе албай жаткан кыргыз мигранттары менен жолукту. Бул туурасында КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууга мейманкананын аткаруучу директору менен балдарды жумушка орноштурган «Фиеста Сервис» компаниясынын Түркиядагы өкүлү дагы катышты. 

Мигранттар мейманкана тараптан айлык акыны убагында бербөө, бөлүп берүү сыяктуу көйгөйлөргө тушугуп жатышканын билдиришти. Отелдин аткаруучу директору Жем Фуентес мигранттардын көзүнчө жуманын аягына чейин маяна жана билет алып берүү маселесин чече турганын убадалады. 

Мигрант балдардын айтымында, алар жумуш берүүчүнүн эсебинен мейманкананын жатаканасында жашап, 3 маал тамак менен камсыз болуп жатышат. 

Эскерте кетсек, 15-октябрда 17 кыргыз мигранты эмгек акысын ала албай, билеттери жок Кыргызстанга келе албай жатышканы тууралуу маалымат тараган. April.kg порталы бул маселе боюнча «Фиеста Сервис» компаниясынын жетекчилигине кайрылганда, балдар эмгек акыларын колго алса эле Кыргызстанга уча тургандыктарын билдирген.