29.08.2018 17:37

КР ТИМи Россияга аскер кызматкери күнөөкөр болгон жол кырсыгына байланыштуу нота тапшырды

КР ТИМи Россияга аскер кызматкери күнөөкөр болгон жол кырсыгына байланыштуу нота тапшырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лебединовка айылында катталып, адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча орус тарапка нота тапшырды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Кантта жайгашкан россиялык авиабазанын 29 жаштагы аскер кызматкери К.Азанов унаа айдап келатып, Лебединовка айылында А.Курманкалиева аттуу 42 жаштагы аялды 3 жаштагы баласы менен коюп кеткен. Аял алган жаракатынан каза таап, бала Бишкектеги 3-балдар ооруканасына жеткирилген. 

Бул окуядан улам, Кыргыз Республикасынын ТИМи РФнын КРдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү В.Чекмазовду жана Бириккен орус аскер базасынын кол башчысы А.Янкинди чакырды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Д.Кемелова орус тарапка нота тапшырды. Анда К.Азановдун тергөө иштерине катышуусун камсыз кылуу жана жол кырсыгын иликтөөдө көмөк көрсөтүү, ошондой эле, жабыркаган тарапка кенемте төлөп берүү маселесин чечүү талап кылынган. 

Россия тарап өз кезегинде каза тапкан Курманкалиеванын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кенемте төлөп берүүгө байланышкан суроону жөнгө салууга жана кыргыз тараптын укук коргоо органдары жүргүзүп жаткан тергөө иштерине көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, жол кырсыгынын күнөөкөрү К. Азанов Канттагы Бириккен орус аскер базасынын  аймагында кармалып турганын билдиришти.