30.08.2018 16:14

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 22 жаңы унаа тапшырылды

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 22 жаңы унаа тапшырылды

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22 жаңы унаалуу болду. Ачкычтарды бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү жана Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тапшырды.  

Япон өкмөтү кайтарымсыз негизде берип жаткан «Nissan NP300 HARDBODY» үлгүсүндөгү 22 даана унаа 793 184 долларлык куткаруучу шаймандар менен жабдылган.

Мындан сырткары ӨКМ мамлекеттик бюджеттен 2,3 миллион сомдук өрт жана куткаруу жабдыктарын алышты. Дагы 13,8 миллион сомго өрт өчүрүүчүлөр үчүн атайын кийимдерди сатып алууну пландоодо.