14.09.2018 10:59

КСДП Акыйкатчы кызматына Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөттү

КСДП Акыйкатчы кызматына Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы өзүнүн бүгүнкү жыйынында Токон Мамытовду Акыйкатчы кызмат ордуна талапкер катары көрсөттү. Ал 8 талапкердин ичинен тандалып алынды. 

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан 2018-жылдын 27-июнуна дейре иштеген. Эки айдан ашык убакыт бош турган орунга «Ата Мекен» фракциясы юрист Канатбек Азизди,  Акыйкатчы институту Урмат Аралбаевди көрсөтүүдө. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев, укук коргоочу Рита Карасартова талапкер болуу үчүн документин тапшырган.