03.05.2018 12:51

КСДП: Ар бир имишке жооп бере берүүнүн жөнү жок

КСДП: Ар бир имишке жооп бере берүүнүн жөнү жок

Интернетте, социалдык түйүндөрдө жана мессенжерлерде тарап жаткан Алмазбек Атамбаевди каралаган материалдар жана имиштер  – мурунку президент съезд  жүрүшүндө азыркы өлкө башчысы жана досу Сооронбай Жээнбековду  сак болууга чакырган адамдардын реакциясы. Бул тууралуу КСДПнын  расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.  

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев өзүнүн ачыктыгы, ак ниеттүүлүгү менен белгилүү.

«Алмазбек Атамбаев эң ачык мамлекеттик ишмерлердин катарына кирет. Ушунча жылдан бери ал жөнүндө коомчулук билбеген  бир дагы факт калган жок. Мурунку президент бардык суроолорго , жада калса, жагымсыз суроолорго дагы кеңири жооп берип келет. Эл дагы буга көнүп бүттү», — деди  Кундуз Жолдубаева.

Андыктан, КСДПнын мурдараак болуп өткөн съездинен кийин интернет, социалдык тармак жана мессенжер колдонуучуларына жайылтылып баштаган бардык чындыкка туура келбеген маалыматтар көрө албастардын жообу.

Кундуз Жолдубаева,  Алмазбек Шаршенович бардык маселелер, анын ичинде чечилбей калган көйгөйлөр тууралуу ар дайым ачык айта турганын билдирет. КСДПнын съездинен кийин өткөн маалымат жыйында да дал ушинтип, бардыгы ачык айтылган.

«Бүгүнкү күнү башка бирөөнүн ошентип айтканга эрки жетет беле? Ал эми, акыркы бүтүмдү чыгаруу үчүн убакыт керектелет, анын ичинде Сооронбай Шариповичке дагы», — деп билдирет КСДПнын расмий өкүлү.

«Ар бир ушакка, пиар менен алектенгендердин жана кара технологдордун  фантазияларына пикир  билдире берүүнүн жөнү  жок деп эсептейбиз.  Антсе дагы, ушактар менен имиштер коомдук ишмерлер тарабынан тарап жатканы абдан жагымсыз көрүнүш», — деп кошумчалады  Кундуз Жолдубаева.

Ал ошондой эле, Алмазбек Атамбаев Нариман Түлеевге кызматташууну сунуштаганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Айтымында: “Мындай болушу мүмкүн эмеси баарына түшүнүктүү”.   

Кундуз Жолдубаева, Бишкектин мурунку мэри кара технологиялардын  курмандыгы болуп калышы мүмкүн экенин айтып,  андан улам, кызматташуу тууралуу жалган маалыматты  ага жеткирген адамдар менен  чечишип алышы керек деп эсептейт. Ошондой эле, "Убакыт бардыгын өз ордуна коеру, Кыргызстандын жаңы тарыхында Атамбаевдикиндей чынчыл жана ак ниет команда топтогон бир дагы мурунку президент болбогону" айтылат билдирүүдө.