21.11.2018 12:25

КСДП Атамбаевдин кирешелерин тастыктаган документтин түп нускасынын көчүрмөсүн таратты

КСДП Атамбаевдин кирешелерин тастыктаган документтин түп нускасынын көчүрмөсүн таратты

19-ноябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына маек берип, анда өзүнүн байлыгын мамлекеттик кызматта иштей элек кезинде иштеп тапканын билдирген. Далил катары журналисттерге киреше булактарын тастыктаган документтерди берген.

Бул документтердин көчүрмөсү «Апрель» телеканалынын April.kg сайтында жарыяланган. Бирок, кыргызстандык ЖМКларда жана социалдык тармактарда документтин аныктыгынан шек санагандар да чыкты. Аларды сүрөттөгү документте мөөрдүн жарым-жартылай гана көрүнүп турганы, анын сүрөткө кыйшык тартылганы, ак-кара түсү ж.б. канааттандырган эмес. Мындан улам, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 21-ноябрда «Апрель» телеканалына документтин түп нускасынын көчүрмөсүн берди.

Анын айтымында, документтин түп нускасы экөө: бирөө- нотариуста, экинчиси- Атамбаевдин мурунку өнөктөшүндө. Бүгүнкү документти өнөктөшү сканерден өткөрүп, Түркиядан почта аркылуу жөнөттү. 

КСДП документтин бардыгынан, аныктыгынан  дагы деле шек санагандарга Түркияга барып, чын-төгүнүн териштирип келүүнү сунуштайт.  Жолго кеткен чыгымдарды партия көтөрүүгө даяр.