30.08.2018 11:00

КСДП: Кожобек Рыспаев өзүнүн мамилеси менен партиядан сырткары экендигин көрсөттү

КСДП:  Кожобек Рыспаев өзүнүн мамилеси менен партиядан сырткары экендигин көрсөттү

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаевдин партиянын катарынан чыгарылышы боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Кожобек Рыспаев өзүнүн мамилеси менен партиядан сырткары экендигин билдирди.

«Ал «КСДПнын партиялык ишмердүүлүгүндө өлкөнүн келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр, тилектештик болгон эмес. Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокпуз» деген болчу»,- дейт Кундуз Жолдубаева Кожобек Рыспаевдин сөзүн цитата келтирип.  

Расмий өкүлдүн айтымында, Рыспаев өз сөздөрүндө ЖЭБдеги болгон кынтык иштерге аябай каршы чыгууда. Баарында тең  ал ЖЭБдин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулун ачык колдоп жаткандай ой калды. Дал ушул Өмүркул уулун көпчүлүк адамдар «авариянын башкы күнөөкөрү» атап жүрүшөт. 

«Ал өзү деле Өмүркул уулу Нурланды бул кызматка сунуштаганын айтып жүрөт. Ошондой эле, авариядан кийин да ЖЭБдин мурунку башчысынын «башынан бир тал чач түшпөгөнүн» биз көрүп атабыз», -деп белгилейт өкүл. 

Жолдубаева Нурлан Өмүркул уулу суракка  чакырылгандын ордуна Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарына, Кожобек Рыспаев жетектеген профилдик комитетинин отурумуна байма-бай чакырылып турганын эске салды.

«А чынында дал ушул мурдагы деректир ЖЭБди модернизациялоодон кийин негизги каражаттарды, анын ичинде жек көрүндү болгон айтылуу аттиштерди дагы ишкананын эсебине кабыл алуу буйругун эсепчилерге (бухгалтерияга) берген», -деп эскертет Кундуз Жолдубаева.