16.11.2018 13:06

КСДП Нурбек Токтакунов тараткан документ боюнча үн катты

КСДП Нурбек Токтакунов тараткан документ боюнча үн катты

КСДП партиясы укук коргоочу Нурбек Токтакунов кечээ, 15-ноябрда тараткан документ боюнча үн катты.  Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, ал документте көрсөтүлгөн расмий иш-чаралар жана фамилиялар чындыкка дал келет.  

«Биз партиянын кеңсесинде кечээтен бери бул документти талкуулап жатабыз. Акчалардын өлчөмү боюнча так кесе бир нерсе айтуу кыйын, бирок, көрсөтүлгөн расмий иш-чаралар жана фамилиялар дал келет. Башкасын айтпасак да, менин атым менен байланышкандары - чындык», -деди Жолдубаева.

Ал ошондой эле, экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалынын журналисттери менен пландаштырылган интервью маселеси боюнча  жолукканын айтат.

«Буга чейин экс-президент «Апрель» телеканалына маек берүүгө камданып жаткан. Бүгүн журналисттер былтыркы президенттик шайлоо, анын ичинде үгүт кампаниясынын каржыланышы боюнча суроолорду кошуу ниеттерин билдиришти. Алмаз Шаршенович макул болду. Дүйшөмбү күнү, 19-ноябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин интервьюсу телеканалдан чыгат», -деп билдирди расмий өкүл. 

Ал эми, ошол кездеги Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов штаб мыйзам чегинде иш жүргүзгөнүн билдирди.

«Мен штабды жетектеп, анын ишин уюштуруу менен алек болгом. Бирок, кампаниянын каржылоо маселелери менин милдетиме кирген эмес, аларды президенттикке талапкер штабдын дагы эки жооптуу адамы менен чеччү. Биз материалды дыкаттык менен карап чыгабыз. Жарыяланган документтеги расмий иш-чаралар жана фамилиялар чындыкка дал келерин моюнга алам. Күндөрү да туура экен. Мен тууралуу жазылгандар да чындык. Башка даталар, сандар боюнча ал жерде көрсөтүлгөн адамдардан сураш керек. Мен башкарган штаб мыйзамдын алкагында иш жүргүзгөн. Бир дагы жумушчум тартип бузууга бармак эмес. Андан тышкары, биздин иш-аракеттерибизди юристтер, БШК жана атаандаш талапкерлердин штабдары тыкыр көзөмөлдөп турган»

Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрда укук коргоочу Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбековдун президенттикке ат салышып жаткан кездеги шайлоо штабынын кассасы тууралуу документти жарыялаган. Анда талапкер өз каражатынан шайлоого 15 млн сом гана коротууга укуктуу экенине карабай, 1 миллиард 170 млн 265 миң сом жана 6 млн 855 миң 700 доллар жумшаганы айтылат. мындан улам, Токтакунов президентке импичмент жарыялоону сунуштаган.