29.10.2018 20:15

КСДП УКМКга «Илмиянов пара катары алды» деген акча боюнча Жээнбековго кайрылууну сунуштады

КСДП УКМКга «Илмиянов пара катары алды» деген акча боюнча Жээнбековго кайрылууну сунуштады

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы Икрамжан Илмияновдун ишине байланыштуу УКМК кызматкерлери менен жазышкан катты ачыктады. Анда Илмиянов «пара катары алды» деп айтылып жаткан 150 миң доллар тууралуу кеп болот. 

Атайын кызматтын Башкы тергөө  башкармалыгы 24-октябрда партиянын дарегине жазган катта, тергөөнүн жүрүшүндө  2017-жылдын 8-августунда штаб жетекчисинин орун басары Илмияновго «Дизель комплект» ЖЧКсынын өкүлдөрү «демөөрчүлүк жардам» катары 150 миң АКШ долларын беришкени белгилүү болгону жазылат.

«Кылмыш ишин толук, акыйкат жана ар тараптуу иликтөө үчүн 8-августтан кийин Илмияновдун же башка бирөөнүн атынан КСДПнын ишмердүүлүгүн колдоо максатында 150 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты түшкөн-түшпөгөнүн билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз», -деп жазылат кайрылууда.

КСДП бул катка 29-октябрда жооп берип, анда 2017-жылдын 15-июлунда партия бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн, ошондуктан шайлоого байланыштуу бардык маселелерди, анын ичинде каржылык маселелерди президенттикке талапкер жана анын штабы чечкенин жазган.

«Президенттикке талапкерлер мыйзамга ылайык, өздөрүнүн шайлоо штабын жана фондун түзүшөт. Саясий партиялар, анын ичинде КСДП дагы штаб менен фондго эч кандай тиешеси жок болгон. Мындан улам, сиздер айткан акча каражаты партияга түшкөн эмес.  Талапкердин шайлоо штабынын финансылык документациясынын баары мыйзам боюнча БШКга өткөрүлүп берилет. Буга байланыштуу, сиздерди кызыктырган суроолор боюнча мурунку президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго же БШКга кайрылыңыздар», -деп жооп кайтарган КСДП.  

Эске сала кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага 28-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.