23.04.2019 15:30

КСДП Жээнбековдон уран кенин иштетүүгө жол бербөөнү талап кылат

КСДП Жээнбековдон уран кенин иштетүүгө жол бербөөнү талап кылат

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы  Кыргызстандын аймагында уран кенин иштетүүгө дайыма каршы чыгып келген жана мындан ары да каршы чыгат. Бул туурасында билдирүүнү партиянын маалымат кызматы таратты. 

2013-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы «Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу жөнүндө» резолюция кабыл алган. 2017-жылы биздин партиянын лидери Алмазбек Атамбаев өзүнүн БУУнун Башкы  ассамблеясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө бул маселени кайрадан көтөргөн жана уран иштетүүдөгү  коркунучтар туурасында билдирген.

КСДПнын Саясый платформасынын экономикалык блогунун эң башкы багыттарынын бири болуп «Кыргызстан – Борбор азиялык аймактагы  табигый туристтик борбор» тезиси саналат жана  аталган анда Кыргыз Республикасынын,  Ысык-Көлдүн аймагында андан бетер радиациялык коопсуздук  жаатында кандайдыр бир келишүүчүлүктүн таптакыр мүмкүн эместиги айтылган.

КСДП айрым бизнес-структуралардын жетекчилеринин Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймагындагы уран кенин иштетүү боюнча демилгелер «бийлик тарабынан, тактап айтканда, Кыргызстандын президентинин жана өкмөтүнүн аппараттары тарабынан толук колдоого алынып, жардам көрсөтүлөөрү» жөнүндөгү билдирүүлөрүнө карата тынчсызданууда.      

КСДП буга байланыштуу нараазычылык акцияларына активдүү катышат жана Президенттен жана Өкмөттөн уран кенин иштетүүгө жол бербөөнү талап кылат.