01.11.2018 12:40

КСДП: Өмүркулов партиядан чыгарылганын факт катары кабыл алышы керек

КСДП:  Өмүркулов  партиядан чыгарылганын факт катары кабыл алышы керек

КСДП мүчөлүгүнөн чыгарылган Иса Өмүркуловдун бүгүнкү маалымат жыйында айтканы боюнча партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирүү таратты.

«Биз Иса Өмүркуловдун ичинде эмне болуп жатканын түшүнүп турабыз. Бирок, ал партиядан чыгарылганын факт катары кабылдашы керек. Эгер анда күмөн саноолор болсо, сотко кайрылсын», -деди Жолдубаева.

Ал ошондой эле, бир нече Өмүркулов калп айтканын белгиледи.

«Партиянын лидери Алмазбек Атамбаев менен жаздан бери жолуга элек. Саясий кеңештин отурумдарына келбей койгон. Кечээки отурумга да чакырылган. Ага да келген жок», -деди өкүл.