31.10.2018 21:03

КСДПнын XVIII съездин келерки жылы өткөрүү чечими кабыл алынды

КСДПнын  XVIII съездин келерки жылы өткөрүү чечими кабыл алынды

Бишкекте бүгүн, 31-октябрда КСДПнын саясий кеңешинин отуруму өтүп, анда партиянын XVIII съездин өткөрүү чечими кабыл алынды.

КСДП штабынан билдиришкендей, съезд 2019-жылдын 6-апрелинде өтөт. Уюштуруу комитетинин жетекчиси катары КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев бекитилди.

Ошондой эле, уюштуруу комитетинин курамы аныкталып, ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана партиянын активи кирди.

Отурумдун жүрүшүндө ЖК депутаты Ирина Карамушкина КСДП төрагасынын орун басары болуп шайланды.