02.10.2018 15:32

Кубанычбек Кулматов тергөө абагында калтырылды

Кубанычбек Кулматов тергөө абагында калтырылды

Жогорку Сот Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды. Аны УКМКнын тергөө абагында отуруу мөөнөтү 28-октябрга чейин узартылды. Бул туурасында жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Жактоочунун айтымында, Жогорку Сот Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин нормаларын одоно бузган. 

«Кулматов 28-сентябрга чейин камакта кармалышы керек болчу. Бирок, Жогорку Сот биздин доо арызды карап да койгон жок. Жыйынтыгында Кулматов Тергөө абагында эч кандай негизсиз отурат», — деп билдирди Сергей Слесарев.