25.06.2018 14:29

Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо мөөнөтү боюнча маселе каралат

Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо мөөнөтү боюнча маселе каралат

Биринчи май райондук соту бүгүн, 25-июнда саат 17:00дө Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо же бошотуу маселесин чечет.  Бул туурасында Кулматов менен жолугушууга УКМКга келген  жактоочусу Сергей Слесарев April.kg порталына билдирди. 

Анын айтымында 28-июнда Кулматовду тергөө изоляторунда кармоо мөөнөтү аяктайт. Демек, тергөө сотко анын баш коргоо чарасын узартуу же үй камагына алуу өтүнүчүн келтириши керек.

Жактоочу ошондой эле, Кулматовду камакка алуу боюнча райондук соттун чечимине нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазганын кошумчалады. Бирок, акыркы инстанция  аталган арызды качан карай тургандыгы белгисиз.

Айта кетсек, 5-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук соту  эс-мэр Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, аны 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Ага кытайлык компаниянын мектеп курууга берген каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда.