25.09.2018 11:32

Кулматовду жарандыктан ажыратуу боюнча сот отурумуна УКМКны 3-жак катары катыштыруу өтүнүчү жолдонду

Кулматовду жарандыктан ажыратуу боюнча сот отурумуна УКМКны 3-жак катары катыштыруу өтүнүчү жолдонду

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кубанычбек Кулматовго карата доо арызы каралып баштады. 

Мекеме мурда Кубанычбек Кулматовдун атына берилген паспортторду жараксыз деп табууну суранып жатат. Соттук отурумдун жүрүшүндө доогер тараптын өкүлү УКМКны үчүнчү жак катары катыштырууну өтүндү. Калкты каттоо департаментинин башкы адиси иш боюнча материалдардын түп нускасы Мамлекеттик комитетте экендигин билдирди.  

«Териштирүүнү УКМК жүргүзгөндүктөн, бардык материалдар аларда. Документтердин оригиналдарын талап кылуу керек. Андыктан, УКМКнын үчүнчү жак катары катыштырууну суранам», - деди департамент өкүлү. 

Эске сала кетсек, УКМК буга чейин Кубанычбек Кулматов кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деген маалымат тараткан. Ага ылайык, Кулматов 1995-жылы 11-октябрда СССРдин жараны паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алган, мунун арты менен ал орус жарандыгына ээ болгон.

2008-жылы 45 жашка чыкканда паспортун РФнын жаранынын жаңы паспортуна алмаштырган. Бул учурда ал КРда Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары катары иштеп аткан. 1996-жылы 26-ноябрда РФ жараны болуп туруп, СССРдин жараксыз (жоголгон) паспортун колдонуу менен мыйзамсыз түрдө КР жаранынын паспортун алган.  2001-2003-2013-жылдары ар бир нече жолу паспортун алмаштырган. 

«Мындай жол менен Кубанычбек Кулматов паспорт столдун кызматкерлерин алдап, жараксыз паспортун колдонуп, Ф-1 арызындагы жарандыгы көрсөтүлчү жерге калп маалымат киргизүү менен 1996-жылы Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алууга жетишкен. Аны менен, Россия жараны болуп туруп, кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган. Мыйзам боюнча, Кулматов президенттин атына жарандыкка алуу боюнча кат жүзүндө кайрылып, анда башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартаары тууралуу маалымдашы керек эле. Кубанычбек Кулматов мындай кылган эмес», - деп билдиришкен УКМКдан.