29.08.2018 11:52

Кулматовдун жактоочусу президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоду

Кулматовдун жактоочусу  президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоду

Мурунку калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев ЖМКлар аркылуу өлкө Президентине ачык кат жолдоду.

Анда Слесарев жактоочулук ишмердүүлүгүндөгү көп жылдык тажрыйбасында биринчи ирет айыпталып жаткан адамга карата көп сандагы мыйзам бузуулар орун алып жатканына тушукканын айтат.  Жактоочунун айтымында, Кулматов камакта жаткан 3 ай убакыттан бери эч кандай териштирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн эмес. 

«Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кубанычбек Кулматовго карата«Калыс-Ордо» конушуна курулган мектеп боюнча жемкорлук фактысы менен иш козгоо - негизсиз жана мыйзамсыз. Кулматов мектепти куруууда болгону Өкмөттүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы «Калыс-Ордо» конушуна мектеп салуу тууралуу №502-р токтомун аткарган. 

Бишкек шаардык мэриясы да, Кубанычбек Кулматов өзү да мектепти куруу, каржылоо иштерине катышкан эмес. УКМК тергөөчүлөрүндө Кулматов акча жегени тууралуу эч кандай далил жок. 

Биринчи кылмыш ишти далилдебей туруп, тергөө мыйзамсыз түрдө экинчи ишти козгоп жатат, анысы да бир сандырак жүйөө менен. Тергөө органы Кубанычбек Кулматовдун кыргыз жараны экенин уккусу да келбей жатат. Кулматов мыйзам чегинде берилген паспорт менен 22 жылдан бери мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн имиш. Андан тышкары, экинчи кылмыш ишин Кулматовду биринчи кылмыш иши боюнча камакка алууга негиз катары пайдаланышууда. Мындай кылууга мыйзам жол бербеш керек эле.

Кулматов юридикалык жана иш жүзүндө Россиянын жараны эмес болуп турса да, УКМК тергөөсү «жарандыгы бар» деп бурмалап,  прокуратура органдары да, сот органдары да бурмалоого көңүл бөлбөй жатышат. Жадагалса, Россия Федерациясынын расмий органдарынан «Кулматовдун орус жарандыгы жок» деген жооп келсе да, абал өзгөргөн жок.  

Канча айдан бери Кулматов УКМКнын Тергөө изоляторунда мыйзамсыз камалып турат. Мен санап кеткен бир дагы мамлекеттик орган (УКМК, прокуратура, сот) Кубанычбек Кулматовдун бузулган укугун жана эркиндигин калыбына келтирүү боюнча чара көргөн жок. 

Башкы көзөмөлдөөчү орган -башкы прокуратура одоно мыйзам бузууларды көңүл сыртында калтырууда. Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү, анын камакта калуу мөөнөтүн узартуу боюнча материалдарды кароо учурунда КР соттору, анын ичинде Жогорку Сот дагы соттук териштирүүнүн принциптерин көз жаздымда калтырып, процедуралар жана тартип боюнча процессуалдык мыйзамдын талаптарын аткарбай, ыйгарым укуктар жогорулатылды.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен сизден Кубанычбек Кулматовдун бузулган укуктарын жана эркиндигин калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүнөм», -деп жазылат кайрылууда.