24.08.2018 13:30

Кулматовдун жактоочусу: Соттогу мыйзам бузуулар тууралуу Президентке ачык кат жолдогонго аргасызмын

Кулматовдун жактоочусу: Соттогу мыйзам бузуулар тууралуу Президентке ачык кат жолдогонго аргасызмын

Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев Президент Сооронбай Жээнбековго сот системасындагы адилетсиздик, мыйзам бузуулар тууралуу ачык кайрылуу жолдоого ниеттенүүдө. Бул туурасында жактоочу өзү April.kg порталынын кабарчысына билдирди.

Бүгүн, 24-августта Биринчи май райсоту Кулматовду 28-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Соттук отурумга ЖМК өкүлдөрүнүн киргизилбегенин Сергей Слесарев дискриминация катары белгиледи.

«Биринчиден, журналисттерге карата дискриминация болгонун белгилеп кетким келет. Келгендерди отурумга  киргизүү боюнча эки анжы чечим кабыл алынды. Кимдир-бирөөнү киргизди, а журналисттерди киргизген жок.  Журналисттер, силер буга көңүл бурушуңар керек. 4-бийлик катары эсептелсеңер да, бардык жерге эле киргизе беришпейт экен. Бул-журналисттерди дискриминациялоо», -деди жактоочу.

Слесаревдин айтымында, соттук чечимдердин 4-айлампасы башталды. Биринчи инстанция Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн кайра эле, ушул жылдын 28-сентябрына чейин узартты. Бул чечим кайра эле мыйзамсыз, негизсиз кабыл алынды.

«Мен сотто айткандай, Кулматов менен коррупция- коошпогон нерсе. Коомчулук жана аны жакшы билбеген адамдар бул тууралуу айта бериши мүмкүн. Кулматовдун иштеринде эч качан жемкорлук болгон эмес. Кулматовдун демилгесинин арты менен курулуп калган  мектеп- азыр Кыргызстандагы эң мыкты салынган мектеп. Кулматов болгону Бишкектин балдары үчүн мектеп салуу демилгесин көтөргөн. Имаратты болсо такыр башка- жалданма компания  салган. Аларды кытай тарап каржылаган, мэрия эмес. Эми болгону мектеп салалы деп демилге көтөргөн адамды камап салышканы туурабы? Соттор кээ бир жагдайларды такыр эске албай жатат. Эмне алар Кулматовду билишпейби? Билишет, бирок, камакта кармап жатышат. Тергөөнүн болсо таянган негиздери жок, каратып туруп калп айтууда. Мен Кулматовдун башка өлкөнүн жараны эмес экенин далилдеген документти көрсөттүм, тергөө болсо, “жок, ал Россиянын жараны” деп көгөрөт. Демек, тергөөнүн ою боюнча, Россиянын Кыргызстандагы элчисине да ишенгенге болбойт экен да?  

Азыр Кулматовдун атын каралап, жаманатты кылып жатышат. Сот болсо, айыптоочу жана тергөө тараптын  сөзүн сүйлөөдө. Сот андай кылбаш керек эле. Буга бир топ аргументтер бар, санап да жетишпейсиң. Мамлекетке, коомго, шаар тургундарына ушунча пайда алып келген мамлекеттик ишмерди  кылмышкерден бетер  тергөө изоляторуна камап коюу туура эмес.

Азыр менин кайрылуум Президенттин аппаратында жатат, тилекке каршы, Президентке жете элек. Кулматовго баш коргоо чарасын  аныктоодо  сот системасы кетирген  одоно мыйзам бузууларды камтыган кайрылуум Соттук реформалар бөлүмүндө жатат. Мен эми ал жактан да оң жооп келеринен күмөн санап калдым.

Мен соттон Кулматовдун жактоочусу катары  аларга түшкөн материалдар менен тааныштырууну сурадым. Кечээ сот бул материалды мени катыштырбай караганга аракет кылыптыр. Башкача айтканда, менин ордума бул иш тууралуу түшүнүгү жок башка жактоочуну катыштыруу менен өзүнчө отурум өтүп койгону атыптыр. Бул тууралуу мага кесиптештерим  чалып айтышты. Алар «эмнеге бизди сиз карап жаткан ишке тартууга аракет кылып жатышат?» деп таң калышты. Бул эмнеден кабар берет? Албетте, сот акыйкаттыгынын бузулушунан.

Мунун баары бүгүн айтылды, тилекке каршы, журналисттер уга алган жок. Мен ЖМК өкүлдөрү бардык сот отурумдарына катышып, ал жакта эмне болуп жатканын угушун каалайт элем. Соттук отурум ачык өтөт деп жарыяланган. А бирок, журналисттерди киргизбей коюшту.

Эми,  процедура боюнча чечимдин үстүнөн  Бишкек шаардык сотуна арызданабыз. Бирок, менде да, Кулматовдо да сот органдары мыйзамды сактап, аларга берилген материалдардын негизинде чечим чыгарышына шек жаралууда.

Эми Кулматовго карата кандай мыйзам бузуулар болуп жатканы тууралуу Президентке ачык кайрылуу жолдогонго аргасызмын. Президент булар тууралуу билбей турганына ишенгим келет», -деди Слесарев.