10.07.2018 13:15, Аман Бакиров

Кулматовдун жактоочусу: Жогорку Сот өз ишин аткарган жок

  Кулматовдун иши (1 материал)
Кулматовдун жактоочусу: Жогорку Сот өз ишин аткарган жок

Жогорку Сот Кубанычбек Кулматовду соттук коргоодон баш тартты жана бул чечими менен өзүнүн ыйгарым укуктарын жогорулатты. Бул туурасында April.kg порталына Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. 

Бүгүн Жогорку Сот Кулматовду камакта кармоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун чыгарган чечими мыйзамдуубу-жокпу карамак. Бирок, эң жогорку инстанция өз ишин аткарган жок.

«Жогорку Сот өндүрүштү  токтотуу чечимин чыгарды. Ал Кулматовду соттук коргоодон баш тартты. Бул болсо, кылмыш процессинин принциптерин бузуу болуп эсептелет. 9-беренеде ар бир адамга соттук коргоо кепилденет деп жазылат. Жогорку Сот болсо, коргоого алган жок. Ал өзүнүн ыйгарым укуктарын жогорулатты. Анткени, 383-беренеде Жогорку Сот кандай учурда өндүрүштү  токтото алаары  пункттарга бөлүнүп  жазылып турат. Бул учурда болсо, ал пункт – Жогорку Соттун кандайдыр бир чечими чыкты деген пункт бизде жок болуп жатпайбы. Бул  Жогорку Сот ыйгарым укуктарын жогорулатты дегенди билдирет.

Биринчи инстанциядагы сот Баш мыйзамды, кылмыш процессинин принцибин, мыйзамды бузду, экинчи инстанциядагы сот аны колдоду, болгону айкындуулукка өзгөрттү, 3-инстанциядагы сот, Жогорку Сот –соттук коргоодон баш тартты. Бул кантип болсун?

Мен Жогорку Соттун төрагасына, президенттин атына кат даярдайм. Бул учурду жөн калтыруу мүмкүн эмес. Сот соттук коргоодон баш тартат деген эмне?», -деди жактоочу. 

9-берене. Соттук коргоо

(1) Процесстин ар кандай стадиясында ар бир адамдын укуктары менен эркиндиктери сот тарабынан коргоого алынат.

(2) Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте жабырлануучунун сот акыйкаттыгына мүмкүнчүлүк алышы жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу камсыз кылынат.

                               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ