30.10.2018 13:44

Кулматовдун жактоочусу Жогорку Соттун эки сотуна жана прокуроруна ишенбөөчүлүк көрсөттү

Кулматовдун жактоочусу Жогорку Соттун эки сотуна жана прокуроруна ишенбөөчүлүк көрсөттү

Жогорку Сот бүгүн, 30-октябрда Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы боюнча анын жактоочусу Сергей Слесаревдин доо арызын карап баштады. 

Жактоочу соттор Темирбеков менен Бакирова мурунку инстанциянын соттук актыларын күчүндө калтырганын билдирди.

«Мыйзамга ылайык, эгер соттордун биринин калыстыгына күмөн жаралса, андан баш тартууга болот. Мен бул жерден Кубанычбек Кулматовдун укугу бузулуп жатканын көрүп турам. Бул соттор Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө карата калыс, мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгараарынан шек саноолор бар. Буга байланыштуу Кулматовдун ишин дал ушул соттор карашынан баш тартам», - деди жактоочу. 

10 мүнөттөй кеңешкен соттук коллегия Слесаревдин өтүнүчүн кабыл албай турганын билдирди. Мындан кийин Слесарев прокурор Конкобаевага ишенбөөчүлүк көрсөттү. Ал буга чейин Кулматовдун иши бонча сотко катышып, иште кызыкчылыгы бар экени айтылды.  

Коомдук укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жактоочунун өтүнүчүн колдоого чакырды. Прокурор Конкобаева аны иштен четтетүүгө жактоочунун эч кандай негизи жок экенин,  Жазык-процесстик кодекстин нормаларын бузбаганын билдирди. 

Мындан улам, Токтайым Үмөталиева бүтүндөй коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөттү.