21.09.2018 09:15

Кулматовдун жубайы: УКМК 3,5 айдан бери жолдошум менен жолуктурбай жатат

Кулматовдун жубайы: УКМК 3,5 айдан бери жолдошум менен жолуктурбай жатат

Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун жубайы Жамиля Турганова аны УКМКнын Тергөө абагында жаткан жолдошу менен жолуктурбай жатышканын айтып билдирүү таратты. 

April.kg анын кайрылуусун жарыялайт.  

«Жалган сүйлөп, коомчулукту адаштыруу менен алектенген УКМКдан менин күйөөмө карата дагы кандай жамандыкты  күтүүгө болоорун элестеткенден да корком. Кубан Кулматов камакта жаткан убакыттан бери УКМКнын төрагасына мыйзамдуу күйөөм менен жолуктурууну суранып, 7 ирет кайрылдым. Ушунча убакыттан бери мага жолдошум менен жолугушууга эмне себептен уруксаат бербей жатышканына жооп ала алган жокмун. Менин ага мыйзамдуу укугум бар эле. Бүгүн болсо ЖМКлар аркылуу Кубан Кеңешович менен туугандык жайым бар экенин тастыктаган документ көрсөтө албаганым тууралуу уктум. Бул- жөн гана шылтоо. Менден бир да жолу документ сурашкан эмес. Бир да жолу чалып коюшкан эмес. Анан уялбай туруп, бүтүндөй өлкөгө мени документ көрсөткөн жок деп жатышат. Менин оюмча, алар мындай жол менен «Эмнеге биздин укуктарыбызды бузуп жатат?» деген суроого жооп берүүдөн качып жатышат. 

Мен биздин үй-бүлө экенибизди далилдеген документтерибиз бар экенин расмий түрдө билдирем. Керек болсо, нике тууралуу күбөлүгүбүздү көрсөтө алам. Ал тургай, экөөбүз ата-энеси болуп саналган кызыбыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн да кошуп, көрсөтөм.  

Учурда Кубан Кулматовго карата козголгон кылмыш ишинин тегерегинде болуп жаткандын баары - сандырактык. Башкача атай албайм.   

Ага карата айыптоолор негизсиз жана жалган жагдайларга таянып, түзүлгөн. Анын баары калп экенин жалпыга белгилүү фактылар далилдеп жатат. Ал эми, КР жараны болгон жолдошумдун паспортун алып коюу аракети - акылга сыйбас иш. Тилекке каршы, накта укуктук башаламандык өкүм сүрүүдө», -деп билдирди Жамиля Турганова. 

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту 11-сентябрда Кубанычбек Кулматовду 28-сентябрга чейин камакта кармоо тууралуу Биринчи май райсотунун өкүмүнө каршы жактоочунун доо арызын караган. Сот отуруму жабык өтүп, Кубанычбек Кулматовдун аялын, жакындарын киргизбей коюшкан.  

Жамиля Турганова Кулматовдун экинчи никесиндеги аялы. Экөөнүн 3 жаштагы Дания аттуу кызы бар.