21.06.2018 13:43

Кундуз Жолдубаева: Сүрөтчү Жаналиевдин караандабаган калпы ага кылмыш ишин козгоого негиз болуп берет

Кундуз Жолдубаева: Сүрөтчү Жаналиевдин караандабаган калпы ага кылмыш ишин козгоого негиз болуп берет

Сүрөтчү Азамат Жаналиевге өзү тарткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү кайтарылып берилет. Бул туурасында КСДП партиясынын  расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, сүрөтчүнүн УКМКга кайрылуусуна жооп кылып билдирди. 

Анын айтымында, бул сүрөттү тарткан Жаналиев эмгекти мурунку президентке «белек» катары Икрамжан Илмиянов аркылуу берип жиберген.  

«Башында ал КСДПнын кеңсесине Алмазбек Атамбаевдин мык жана жиптен тартылган сүрөтүн белек катары калтырып кеткен. Бирок, бир нече жумадан кийин үй-бүлөлүк көйгөйлөрүн шылтоолоп, белекти сатып алууну суранып баштады. Анын кайра-кайра кайрыла бергенинен Икрамжан Илмиянов сүрөтчүнү кабыл алууга макул болуп, эмгеги үчүн 2500 доллар төлөп берген. Ал кезде сүрөтчү  ушул акчаны алганына кубанып, үстүнө дагы акча кошууну оозанган да эмес. Буга күбөлөр да бар», -дейт Жолдубаева.

Анын айтымында, Азамат Жаналиевдин дагы төлөнө турган акча жөнүндө жана башка "коллекциялык картиналар" жөнүндө караандабаган калпы мындай жалган жалаа жапканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болуп бере алат. 

«Биз Илмиянов Жаналиев менен оозеки же кагаз жүзүндө эч кандай макулдашуу түзбөгөнүн, сүрөтчүнүн келишим тууралуу айткандары жомок экенин баса белгилеп кетебиз. Ал эми, «Сауд Аравиясынын ханзаадасына жөнөтүлгөн» картиналар тууралуу башкы консулдук жооп бере алат. Илмиянов ал картиналарды көргөн да эмес, аларды бирөөгө жеткирип берүүгө милдеттенме да алган эмес. Ал эми сатуу тууралуу сөз да жок. Сүрөтчүнүн кайра-кайра суранганынан, ал консулдуктун кызматкерлерине Жаналиевдин кандайдыр-бир өтүнүчү бар экен деген сөздү гана кабарлоого макул болгон.  Азамат Жаналиев алган 2500 долларын кайтарып берсин, биз ага портретти кайтарып беребиз. Андан сырткары, мындан мурун да «акчага берилген белегин»- дагы бир ушундай сүрөттү кошуп беребиз. Кайтарылган акчалар «Апрель» коомдук фондунун эсебине киргизилет. Бул акчаны жардамга чындап муктаж адамдарга бергенибиз оң эмеспи», - деди Кундуз Жолдубаева.

Эскерте кетсек, кечээ социалдык тармактарда экс-президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз түшкөнү тууралуу маалымат тараган. Анда сүрөтчү 15 миң долларга сатууга ниеттенип жаткан картиналарын Илмиянов тартып алууга аракет кылган деп айыптаган. Ошондой эле Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алам деп коюп, 2,5 миң доллар гана берип койгонун жазган.