27.02.2019 16:26

Кундуз Жолдубаева: ЖЭБ боюнча сот саясий мүнөздө жүрүүдө

Кундуз Жолдубаева: ЖЭБ боюнча сот саясий мүнөздө жүрүүдө

ЖЭБ боюнча сот саясий мүнөздө жүрүүдө. Бул туурасында бүгүн Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алдын-ала уктуруусу учурунда КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Анын айтымында, жакында эле башкы прокурордун катышуусунда өткөн парламенттеги отурумда депутаттар шоу көрсөтүштү. 

«Бул отурумду биз сотторго басым жасоо аракети катары баалайбыз. Башкы прокурор 111 млн. доллар жөнүндө сөз кылды. Бул сумманы алар кайдан алышты? Ойдон чыгарылган сумма. Эч кандай чыгым болгон эмес. Биздин эксперттер дагы экспертизанын корутундусун карап чыгышты. Бул эсептер совет мезгилиндеги өлчөмдөргө ылайык чыгарылган. Биз тергөө ойдон чыгарылган айыптоолорду тагып жатканын көрүп турабыз», - деп билдирди ал. 

Андан сырткары, Жолдубаева бир кезде экс-президент Алмазбек Атамбаев жаңы ЖЭБди салуу боюнча эрктүү чечим кабыл алганын билдирди.  

«Отурумда башкы прокурор экс-президенттин ЖЭБди модернизациялоодогу ролу тууралуу маселе өзүнчө өндүрүшкө алынып, анын иш-аракетине баа берилерин айтты. Мен экс-президент ошол кезде саясий чечим кабыл алган деп айта кетет элем. ЖЭБди жаңылоо зарыл болчу. Баса, бул туура эмес айтылган сөз. ЖЭБ жаңыланган жок, ал иш жүзүндө баштан-аяк жаңы салынды. Коомчулуктун башын айлантыш үчүн бул тууралуу эч ким эчтеке айтпай жатат», - деди Жолдубаева.