15.08.2018 16:55

Курман айтка карата кыргызстандыктар 4 күн катар эс алышат

Курман айтка карата кыргызстандыктар 4 күн катар эс алышат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өкмөткө 20-август жумуш күнүн 22-сентябрга жылдыруу өтүнүчүн жолдоду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу өкмөт 2018-жылдын дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Дем алыш күндү которуу жөнүндө» токтом кабыл алды. 

Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 22-сентябрь дем алыш күнү 2018-жылдын 20-август иш күнүнө которулду. 

Ошондой эле, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2018-жылдын 22-сентябрь дем алыш күнү 2018-жылдын 20-август иш күнүнө ылайыктап которуусу сунушталды.

Ошондо кыргызстандыктар 18, 19, 20, 21-август күндөрү эс алышат.