13.09.2018 19:57

Курулушчулар өрт чыккан имаратты тасмага тартып жаткан кабарчыга кол салышты

Курулушчулар өрт чыккан имаратты тасмага тартып жаткан кабарчыга кол салышты

Курулуш фирмасы жаңы салып жаткан турак жайында өрт чыккан фактыны жашырып коюу аракетин көрүүдө. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына журналист Болот Темиров жазып чыкты.

«Курулуштагы адамдар менин курулуштун күйүп жатканын тасмага тартуума каршы чыгышты. Мындан улам суроо жаралат: Өрт бул үйдүн жашоочуларына канчалык деңгээлде таасир этет? Тасмада көрүнбөгөн менен, жалын бир топ эле күчтүү болду. Бийиктиги шыпка жеткендей...», -деп жазды журналист. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 13-сентябрда журналист өзүнүн баракчасында Бишкекте Ак-Кеме мейманканасынын жанында жаңы салынып жаткан үй күйүп жатканы тууралуу жазып, тасмасын жарыялаган. 

April.kg порталы бул боюнча ӨКМдин маалымат кызматына кайрылганда, эч кандай жооп болгон эмес.