24.10.2018 10:32

Күйөө баласы балта менен урган аялдын абалы оор, шектүү кармала элек

Күйөө баласы балта менен урган аялдын абалы оор, шектүү кармала элек

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында күйөө баласы балта менен чапкан кайнене дагы деле жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул туурасында April.kg порталына алардын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, 69 жаштагы К.А.нын (кайнатасы) 2 колунун сөөктөрү жабык түрдө сынып, баш мээси чайкалган, ал травматология бөлүмүндө жатат.  62 жаштагы А.Т. нын (кайненеси) баш сөөгү сынган. Абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. 

Ал эми, күйөө бала кармала элек.