25.08.2018 20:30

Көчмөндөр оюндары: 2,3 миллион сомго кандай ажаткана орнотулду?

Көчмөндөр оюндары: 2,3 миллион сомго кандай ажаткана орнотулду?

lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосуна орнотулуп жаткан ажатканалардын чыныгы сүрөттөрү  жарыяланды. 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, санитардык түйүндөрдү орнотунун себеби  – этно-шаарчанын конокторуна жана кызматкерлерине максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.

Буга чейин ажатканаларды жасоо, орнотуу жана калган иштердин жалпы баасы 2 миллион 301 миң 700 сомго бааланганын кабарлашкан. Анда айтылгандай, 5 орундуу контейнер тибиндеги бир ажаткананын баасы бардык чыгымдарды эсепке алганда 287 миң 718 сомду түзгөн. Оюн өтүүчү жайлоого мындай ажатканадан 8 даана коюлат. Аларга суу түтүктөрү киргизилет. 

Андан сырткары жайлоого жыгачтан жасалган 20 даана жыгач ажаткана орнотулат. Аларга 375,6 миң сом коротулат.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда  «Кырчын жайлоосуна орнотулуптур» делген  башка ажаткананын сүрөтү тарап кетип, интернет колдонуучуларда нааразычылык жаралган. 

Кийин factchek.kg  сүрөттүн «фейк» экенин,  сүрөттөгү  ажаткана 2013-жылы Казанда өткөн Универсиаданын алдында курулганын далилдеп чыккан.