27.08.2018 14:17

Көчмөндөр оюндарында дрон колдонууга тыюу салынды

Көчмөндөр оюндарында дрон колдонууга тыюу салынды

Ысык-Көл облусунда 2-8-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде учуучу аппараттарды (дрондор, копетрлор, авиамоделдер жана башкалар) колдонууга тыюу салынат. Бул туурасында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгынан билдиришти.

Көчмөндөр оюндары учурунда коноктордун, катышуучулардын коопсуздугун жогорку деңгээлде коргоо үчүн учуучу аппараттарга уруксат берилбейт. Ат майданда жана Кырчын капчыгайында 2-8-сентябрларда тартуучу уча турган аппараттарды учурууга болбойт.

«Кырчында жана ат майданда учуучу аппараттар менен тартуу үчүн аба аймагын колдонуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары катчылыгынын уруксаты менен гана аткарылат», -деп жазылат маалыматта.