13.06.2018 10:23

Көчмөндөр оюну үчүн курулган ат майдандан мамлекетке 202 миллион сом зыян келтирилген

Көчмөндөр оюну үчүн курулган ат майдандан мамлекетке 202 миллион сом зыян келтирилген

Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданды курууда аткарылган иштердин баасынын жогорулатылгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматта: «Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү максатында  курулган объектилерге Каржы министрлиги кошумча бөлүнгөн каражаттарды эске алуу менен 1 млрд 584 млн сом бөлгөн. Бирок, текшерүү учурунда аталган объектини куруу маалында акча каражатын максатсыз колдонуу жана аткарылган иштердин баасын жогорулатуу фактылары аныкталган. Мамлекетке келтирилген чыгым 202 млн. 814 миң сомду түзгөн», -деп айтылат.

Мындан улам, Башкы прокуратура Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан келип түшкөн материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси  (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренеси (Өлкө кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу) жана 171-беренеси  (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же сарптоо)  боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Ишти тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жүктөлдү.