28.08.2018 12:12

Көчмөндөр оюнуна келген чет элдиктер жеринде каттоодон өтө алышат

Көчмөндөр оюнуна келген чет элдиктер жеринде каттоодон өтө алышат

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде 2018-жылдын 1-сентярынан тартып 9-сентябрына чейин Ысык-Көл областында, Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарынын  ипподромунда эки Калкты мобилдүү тейлөө борбору (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча көчмө кабыл алууну жүзөгө ашырмакчы.

Аталган иш-чара III ДКОнун чет өлкөлүк коноктору үчүн мамлекеттик каттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуулуктарды камсыздоо максаттарында демилгеленген.

Каттоодон өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

  •  белгиленген формадагы кат (өтүнүч кат);
  • чет өлкөлүк жарандын инсандыгын тастыктоочу паспорт же аны алмаштыруучу документ;
  •  мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Кененирээк маалыматты МККнын 119 колл-борборунан алууга болот (чалуу акысыз).

КРнын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандар өлкөгө келгенден кийин 5 күндөн кийин каттоодон өтүүгө тийиш. Чет өлкөлүк жарандарды каттоо үчүн зарыл болуучу документтер тизмеги бул шилтемеде.

Жарандары каттоодон бошотулган чет мамлекеттердин тизмегин бул жактан таба аласыз.