27.09.2018 16:20

Көчөдөн баласын тепкен киши Мамкаттоо кызматынан компенсация төлөп берүүнү талап кылууда

Көчөдөн баласын тепкен киши  Мамкаттоо кызматынан компенсация төлөп берүүнү талап кылууда

Көчөдө тайгаланып жыгылган кичине баласын тепкен Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматынан моралдык кенемте катары 1 миллион сом төлөп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу April.kg порталына Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.  

Мекеменин маалыматына караганда, социалдык тармактарда тараган тасма катуу резонанс жараткандыктан, кызматкердин жоругун Этикалык комиссия карап чыккан. Анын чыгарган чечимине ылайык, «Жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча» атайын мыйзамдын негизинде Адиев кызматтан кетирилген.

«Биз бүт баарын мыйзамдуу жасаганбыз. Аны иштен алууда бардык процедуралар сакталган. Бирок, буга карабастан, Бариер Адиев кызматтан бошотулгандан бери «мыйзамсыз кетирдиңер, мен иштешим керек» деп биз менен соттошуп жүрөт»,- дешти маалымат кызматтан. 

Адиев аны кызматка кайра алууну эле эмес, 1 миллион сом моралдык компенсация, кызматтан бошотулгандан берки учур үчүн айлык акы катары 302 миң сом жана башка чыгымдарына 54 миң сом төлөп берүүнү талап кылууда. Андан сырткары, Мамкаттоо кызматынын эсептерин камакка алууну суранган.

«Бул боюнча Биринчи май райсотунда иш каралып, биз утуп чыкканбыз. Адиев Бишкек шаардык сотуна доо арыз жазып, отурум бүгүн болмок. Бирок, анын жактоочусу келбей калганына байланыштуу, ишти кароо 16-октябрга жылды», -дешти Мамлекеттик каттоо кызматынан.

Эскерте кетсек, Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулуктагы башкармалыгында иштеген. 2017-жылы кышында социалдык тармактарда жерге жыгылып калган баласын тепкен тасмасы чыгып, мындан улам, коомчулуктун катуу сынына кабылган. Эки ай убактылуу кармоочу жайга камалган киши жумушунан да бошотулган болчу.  Адиев өзү  тасманы монтаждалган деп, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Аялы тосмо арыз жазып берген соң, сот ага карата кылмыш ишин кароону токтоткон.