17.08.2018 17:26

«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде белгисиз ишмер суу үстүндө мончо иштетүүдө

«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде белгисиз ишмер суу үстүндө мончо иштетүүдө

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде белгисиз ишмер суу үстүндө мончо иштетүүдө. Эс алууга келгендер мончодон чыккан түтүн менен дем алууга аргасыз. Бул туурасында April.kg порталына аталган санаторийдин коноктору билдиришти. 

«Мына, азыр ал ишкер мончосун жагып баштады. Капкара түтүн айлананы каптап, көл жээктегилердин көздөрүн ачыштырууда. Эмне үчүн Мамлекеттик экотехинспекция буга көз жумуп, эч нерсе кылбай отурат?», -деп суроо салат окурман. 

Мыйзамга ылайык, Ысык-Көл көлүнөн жээкти карай 500 метр аралык  санитардык режим зонасы болуп эсептелет. Суудан кийинки алгачкы 100 метр - өтө катаал санитардык режимдеги аймак. Бул жерге ар кандай объектилерди куруу, кампа салуу, мелиорация жана башка жер иштерин жасоого тыюу салынат.