19.06.2018 11:30

Көлдүн Тоң районунда «Тескей Жээк» этно-фестивалы өтөт

Көлдүн Тоң районунда «Тескей Жээк»  этно-фестивалы өтөт

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда 15-июлда этнотуризмди жайылтуу жана көчмөн цивилизациясынын каада-салттарын жандантуу максатында «Тескей Жээк» аттуу этно-фестивалы өтөт. Бул туурасында иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. 

Этно-фестивалдын жүрүшүндө көчмөндөрдүн ат оюндары, тыйын эңмей, кыз куумай сыяктуу улуттук оюндар, «Салбуурун» аң уулоосунун элементтери көрсөтүлөт, жаа аткычтардын мелдеши, «Көк-бөрү» командаларынын таймашы жүрөт.

Кийизден ар кыл буюмдарды, сувенирлерди жасаган чеберлер келгендерге мастер-класстарды өтүп, кол өнөрчүлөрдүн  көргөзмөсү дагы уюштурулат. Маданий программалар жана спорттук номерлер «Тескей Жээктин» этно-спорттук командасы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары тарабынан ишке ашырылат. 

Коноктор менен катышуучулар боз үй тигүү жөрөлгөсүнө катышып. көчмөндөрдүн салты жана турмуш-тиричилиги менен тааныша алышат. 

Уюштуруучулардын айтымында, мындай фестиваль жыл сайын өткөрүлүп турат.