17.05.2018 13:21

Көп балалуу айымдарды "Баатыр Эне" ордени менен сыйлоо жарлыгы чыкты

Көп балалуу айымдарды "Баатыр Эне" ордени менен сыйлоо жарлыгы чыкты

Президенти Сооронбай Жээнбеков “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктарга кол койду. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Жарлыктардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1354 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 454 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.