19.04.2018 15:18

Көпчүлүк коалициянын курамына дагы бир фракция кирди

Көпчүлүк коалициянын курамына дагы бир фракция кирди

Көпчүлүк коалиция жыйынга чогулуп, курамын кеңейтүү чечимин кабыл алды. Анын курамы «Республика — Ата Журт» фракциясы менен толукталды. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк коалициясынын курамын кеңейтүү сунушун СДПК, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бир добуштан колдогон.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» оппозицияда калды