20.03.2018 09:20

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, журналист жана акын Жаныбек Турсунов дүйнө салды

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, журналист жана акын Жаныбек Турсунов дүйнө салды

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, журналист жана акын Жаныбек Турсунов дүйнө салды. Ал узакка созулган оорудан кийин, 85 жаш курагында көз жумду.

Жаныбек Турсунов 1933-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылында туулган.

1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун мугалим катары баштаган Турсунов кийин мектептин директору, Ат-Башы райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы, Тянь-Шань обком комсомолунун биринчи катчысы болуп эмгектенген. Жаныбек Турсунов 29 жашында Кыргыз ССРнин Комунисттер партиясынын Кочкор райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.

1964-жылдан тарта Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы болгон. Жаныбек Жумалиевич 1972 – 1986-жылдары “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин башкы редактору, Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы болгон.

Алты жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Бир катар сыйлыктардын ээси, анын ичинде Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу ордендери.

Оор жоготууга байланыштуу мамлекеттик ишмерлер, өкмөт мүчөлөрү маркумдун туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.