16.10.2018 14:07

Көрүстөндөн жерди мыйзамсыз саткандарга карата кылмыш иши козголду

Көрүстөндөн жерди мыйзамсыз саткандарга карата кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык мэриясына караштуу «Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү» муниципалдык ишканасынын кызматтагы адамдары көрүстөндөн жерди мыйзамсыз сатууга айыпталышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Кубатова билдирди.

Маалыматта, БРККнын жооптуу кызматтагы адамдары Түштүк-Батыш көрүстөнүнөн инженердик коммуникациялар (жолдор, арыктар) жайгашкан жерлерди жарандарга жең ичинен берип коюшканы айтылат. Текшерүү учурунда бул жерлерде сөөк көмүлбөгөнү аныкталган.

Андан сырткары, БРККнын айрым кызматкерлери жарандарды алдоо жана ишеничинен кыянаттык менен пайдалануу жолу менен туугандарын көмгөнгө жер беребиз деп акча алганы белгилүү болду. Мындай жосуну менен кызматтык адамдар мамлекеттин жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыгын жана укугун бузган.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тиешелүү кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «алдамчылык» жана «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүргүзүү үчүн материалдар тийиштүү органдарга жиберилди.