18.06.2018 15:12

Көзү азиз жана көрүүсү начар балдарга кыргыз тилинде китеп окуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Көзү азиз жана көрүүсү начар балдарга кыргыз тилинде китеп окуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Кыргыз тилинде текст окуй ала турган синтезаторлор иштелип чыкты. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти. 

“Феномен” коомдук фондунун жетекчиси Искендер Султаналиев тарабынан ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген, анын ичинде көрүүсү начар жана азиз балдар жана жаштар үчүн кыргыз тилинде текст окуй ала турган синтезаторлор иштелип чыкты.

Синтезаторлор  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан даярдалып берилген атайын тексттердин негизинде түзүлдү. Бул адистештирилген программалар «Көзү азиз жана көрүүсү начар балдар жана жаштарга эне тилинде билим алууга шарт түзүү” аталышындагы долбоордун алкагында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосунда “Феномен” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган.

“Азамат” аттуу жаңы сүйлөө синтезатору (эркек кишинин үнү менен) азиз балдарга жана көрүүсү начар жаштарга өз алдынча кыргыз тилинде электрондук китептерди, көркөм адабиятты, интернет-сайттарды жана пайдалуу болгон веб-ресурстарды интернет түйүн ичинде мамлекеттик тилде окууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Кыргызча синтезаторду оңой эле Windows (Виндоус) жана Android (Андроид) системасындагы планшеттерге, уюлдук телефондорго жана компьютерлерге Google Play (Гуугл плей) аркылуу бекер орнотууга болот.

Эске сала кетсек, “Феномен” көзү азиздер коомдук фонду менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2015- жылдан бери кызматташып келет. Улуттук комиссия тарабынан 100 дөн ашык китептердин электрондук варианттары даярдалып берилип, 2017-жылы Брайл арибинде балдар үчүн жана чоңдор үчүн китептер басылып чыккан.